Кийим адамга бакыт же бактысыздык алып келет

Кийим адамга бакыт же бактысыздык алып келет
30-Авг. 2017, Шаршемби

Адамзаттын жашоосунда кийим чоң ролду ойнойт. Биз адамдарды биринчи сырткы көрүнүшүнө, кийген кийимине карап баа беребиз. Андан кийин гана жан дүйнөсүнө көңүл бурабыз жана бул - айныгыс чындык. Фэн-шуй адистеринин айткандарына таянсак, кийимди туура тандап, туура кийүү да адамдын жеке жашоосуна чоң таасир берет.

Кийимдердин таасири
Кур адамды жаман сөздөн, көз тийүүдөн сактайт.
Баш кийим, таза, бүтүн байпак жана жаңы, кымбат баалуу, дайыма кам көрүлгөн бут кийим адамга энергия берип туруу функциясын аткарат.
"Сэконд-хендден" алып кийген кийим коркунучтуу. Анда жалаң терс энергия бар. Себеби, ал кийимди кандай адам кийгенин сиз билбейсиз. А мүмкүн оорулуу же өлгөн адамдын кийимидир? Эгер андай болсо, ал кийимди кийүү эки эсе коркунучтуу болот. Буга карабай "Сэконд-хендден" кийим сатып алсаңыз, анда киерден мурда 2-3 саат муздак сууга жууңуз. Ошондо андагы терс энергия бир аз азаят.
Туугандарыңыз, жакшы тааныштарыңыз өздөрү кийген кийимдерин берсе, андай кийимде терс энергия болбойт. Албетте, эгер алар сизге чын дили менен берген болсо.
Апаңыз берген кийимдерде оң энергия укмуштуудай көп болорун унутпаңыз.
Бай жашаган адамдын кийимин кийсеңиз, сизге анын финансы, материалдык байлык жаатындагы ийгилиги аз да болсо жугат.
Өспүрүм уулунун кийимин кийүү сексуалдык жактан проблемасы бар ата үчүн пайдалуу: сексуалдуулугу кайра калыбына келе баштайт.
Прокатка кийим алып кийбеңиз. Ал сиздеги ийгиликтердин, оң энергиянын баарын өзүнө тартып алып, өз ээсине жеткирет. А сиз куру жалак каласыз. Андыктан, айрыкча үйлөнүү тоюна кийилүүчү көйнөктү же тиктириңиз, же жаңысын сатып алыңыз.
Өзү тиккен же тиктирип кийген, колго токулган кийим ийгилик гана алып келет. Себеби, анда тиккен адамдын энергиясы бар болот. Эгерде кийим тигүүгө ойлонуу, чыгармачылык, эмгек көп талап кылынган болсо анда ого бетер жакшы.
Денеге өтө чыпташкан же сыдырмалары, боолору өтө эле көп кийим, атайын жыртыктары бар жана сүртүлгөн заманбап жынсы шымдар оң энергиянын келүүсүнө тоскоол болот.
Өтө ачык, сексуалдуу, башкаларды дүүлүктүргөн кийимдерди кийсеңиз, энергияңыздын көпчүлүгү башкаларга сарпталып, өзүнөн-өзү жок болот.
Башыңыздан өткөн бактысыз учурларды эстеткен кийим энергияңызды уламдан-улам азайта берет.

Түсү
Ак түс күч, чечкиндүүлүк, кубаныч тартуулайт. Өзгөчө бул түстөгү кийимди сүйүктүүңүз менен жолугушууга барарда кийсеңиз жакшы.
Кызыл. Мындай түстөгү кийим кийип көчөгө чыксаңыз, далай адамдардын көңүлүн бурасыз. Сизге болуп көрбөгөндөй көп энергия, сүйүү берет. "Айрыкча жаш кыздар кызыл түстөгү кийимдерди көп кийишсе ..."-дешет фэн-шуй адистери.
Пушту, ток сары. Кызматкерлерге бул түс ийгилик алып келет. Иш учурундагы сүйлөшүүлөрдө жан дүйнөнү тынчытып, бири-бирине болгон ишенимдүүлүктү, жылуу мамилени, оптимизмди пайда кылат, жагымдуу аба ырайы түзүлөт.
Ток кызыл. Адамдардын ортосунда жакындыкты, бири-бирине болгон тартылууну пайда кылат.
Жашыл. Ден соолугуңузду чыңдап, өзүңүздү жакшы, сергек сезүүңүзгө өбөлгө болот. Оң энергия берет.
Көк - иш учурундагы официалдуу жолугушууларда жана сүйлөшүүлөрдө ийгилик алып келүүчү идеалдуу түс. Эмоцияга алдырбай реалдуу кароого, ишти туура жана так алып барууга таасир этет.
Сары түстөгү кийим кийсеңиз бакыттын, канааттануу менен оң эмоциялардын, жакшы жаңылыктардын ээси болосуз. Бул түс сизди туура жолго түшүүгө, ийгиликтин ачкычын табууга жардам берет.
Кара - күч менен бийликтин символу. Жалгыздыкты жана кусалыкты чакырат. Ошого карабай эгерде кара түстөгү кийимдерди гана кийүүнү жакшы көрсөңүз, анда эч болбосо кооздук-жасалга, кур, баш кийим, бут кийимдериңиз ачык түстө болушу кажет.
Күрөң түстөгү кийимди фэн-шуй адистери кийүүнү сунушташпайт. Себеби, ал - ыпластыктын, кайгы-капанын түсү. Бир гана күрөң түстөгү бут кийим кийүүгө уруксат беришет.
Боз түс күч, бийлик берип, финансылык жактан ийгилик апкелет.
Кездемеси
Лен өзгөчө күчкө ээ. Мындай кездемеден тигилген түнкү кийим менен уктасаңыз, уйкуңуз тынч болот. Анткени, лен сизге келаткан терс энергиянын баарын кабыл албай жок кылып туруучу касиетке ээ. Мындан тышкары, сизди сабырдуулук жана токтоолук менен камсыз кылат.
Жибек, атлас жана пахтадан токулган кездемеден тигилген кийим тынчтыкты, токтоолукту, эркиндикти, айлана-чөйрө менен болгон гармониялуулукту тартуулайт.
Жүндөн токулган кездемеден тигилген кийим күчтүү энергия берет. Ар кандай оорулардан, кырсык-балээден, көз тийүүдөн, дубалардын терс таасиринен сактайт.

Андагы ар кыл сүрөттөр...
Торчо - Сактайт, коргойт. Айрыкча боюнда барлар төрт чарчылары бар кийим кийгендери дурус.
Оймо-чийме - Карама-каршы жыныстагы адамдардын көңүл буруусунан, сүйүүсүнөн алыс болбойсуз.
Тегерекче, чекит - Күндүн символу. Кырсыктардан сактайт, ден соолугуңузду чыңдайт.
Үч бурчтук, алты бурчтук, сегиз бурчтук - Гармониялуулукту берет, бирок энергия анча жакшы келбейт.
Спираль - Коркунучтуу белги. Жашооңузда стабилдүүлүк болбойт.
Толкун, зигзаг - Суунун символу. Жамандыктардан сактайт.
Төрт чарчы - Оорчулук, кыйынчылык. Ийгиликтердин келип туруусуна бөгөт болот.
Узун түз сызыктар же үзүк-үзүк сызыктар - Оң энергия бирде келсе, кайра келбей үзгүлтүккө учурап турат.
Гүл - Кыялкечтикти, кумарлуулукту, сүйүүнү берет.
Башка өсүмдүктөр же алардын кайсы бир бөлүгү (жалбырак, бутак) - Тынчтыкты, оң энергияны тартуулайт.
Жүрөк - Сезимдер туруксуз болот.
Жырткыч эмес жаныбарлар - Ар кандай агрессиядан коргоп, сизге оң энергия тартып туруучу касиетке ээ.
Жырткыч жаныбарлар - Сизге да, сизди курчаган адамдарга да терс энергия берет, бактысыздыкка туш кылышы ыктымал.
Мөмө-жемиштер, жашылчалар - Күч берип, байлыкты чакырат.
Жазуулар, тамгалар - Акыл-эсти жакшыртып, интуицияңызды күчтөндүрөт. Бирок ал жазуулар сөзсүз түрдө сиз окуй ала тургандай түшүнүктүү тилде болушу зарыл. Эгерде башка тилде жазылса, өз тилиңизге которуп окуп, маанисин түшүнүүгө аракет кылышыңыз керек. Эгерде сизге таптакыр эле түшүнүксүз же сизге жакпаган жазуулар болсо, жакшысы, андай кийимди кийбей эле коюңуз. Анткени, терс энергия берет.
Өзүңүздү дайыма ишенимдүү сезип, бактылуу болгуңуз келсе...

Фэн-шуй кеңештери
Кийим сатып алуу үчүн дүкөнгө, базарга эч кимди ээрчитпей жалгыз барыңыз.
Өнүккөн, бай, тынч жашаган мамлекеттен тигилген кийимди сатып алууга аракеттениңиз.
Кийимдин өңүн, өлчөмүн, жарашыгын, тыкандыгын туура тандап кийиңиз.
Кийимдериңизге дайыма аяр мамиле кылыңыз.
Жаңы кийим сатып алганда эскисин жууп, үтүктөгөн соң муктаж болгон бирөөнө чын дилиңизден берип коюңуз.
Кийген кийимиңиз өзүңүзгө жагышы кажет. Эч качан эски, жыртык, жарашыксыз кийим кийбеңиз.
Эңкейгенде, өйдө-ылдый болгондо шымыңыздын, юбкаңыздын белинен ич кийимиңиз көрүнүп калбасын.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!