Күзгү гардероб

Күзгү гардероб
8-Сен. 2017, Жума, 17:11

Күзгү гардеробду алдын ала даярдаган оң.

Жыл мезгилдеринин алмашуу учуру келгенде, жаздын суук күндөрүндө эмне кийсе болот? Эксперттердин маалыматы боюнча, ушу күздө эмне кийүү керек экенин айтып бермекчибиз.

Эртең менен термометр +8 °С көрсөтөт, ал эми күндүз температура 18–20 °С чейин көтөрүлөт. Кубулуп, өзгөрүп турган жыл мезгилдерине кош келдиңиз! Эртең менен – салкын, кечке маал - ысык. Сентябрь айындагы аба ырайына үшүп тоңбогон, ысып кетпегендей жана ошол эле учурда сымбаттуу көрүнгүдөй кандай кийим тандаса болот.

Сырткы кийим

Ушул кезде жел өткөрбөгөн кездемеден тигилген плащсыз же болбосо тренчсиз болбойт. Эгер ушуга окшогон кийим үлгүлөрү стилиңизге туура келбесе, анда жүндөн токулган панчо, плед-пальто, кейп, тери жилеттер жана ар дайым модадан калбаган булгары күрткалар жакшы жарашат. Ошону менен бирге ушул мезгилде узун трикотаж же калың жүндөн токулган куру бар кардигандар да болот. Плащты кошо алганда баардык ушул модельдер анын ичинен ар бир кийимди: джинсы менен футболканы, кеңсе көйнөгүн же болбосо тизеге чейин узун юбкалар менен айкалыштырып кийсе ыңгайлуу болот.

Бут кийим

Кийимдин классикалык стилинде кийинген саркеч айымдарга анча бийик эмес платформадагы же кенен, такалуу туфлилер жарашат. Ботфорттор ушу жылы модада. Жука жана узун (тизеден жогору), алыстан караганда алар легинс сыяктуу болуп калат. Мындай өтүктөр – кыска юбка, кыска шымдар менен кийгенди жактыргандар үчүн. Андан сырткары ушул күздө модельерлер эркектердин чолок батинкесин тандашкан. Бул бут кийим менен көлчүк, ылай баткак менен жүрө берсе болот.

Кургак, жаан-чачын жок учурда бийик эмес «рюмка» түрүндөгү же узун такалуу ботильондорду кийүүгө болот.

Бул модельдер панчо, плащь, кыска куртка менен жакшы көрүнөт. Албетте, кроссовкини да унутпоо керек.

Мода дүйнөсүнүн чеги жок боло баштады. Кроссовкилер спорттук бут кийим аталышын жоготту. Бүгүнкү күндө алар сейилдөөгө, кечки оюн-зоокторго, керек болсо дресс-коду өтө катаал эмес кеңсеге кийүүгө жарап калды. Сүйүктүү кайыкча бут кийимди шкафка салып, кийинки жазга чейин катып коюу кажет. Алардын таманы өтө жука жана жаан-чачында кийүүгө жарабайт.

Аксессуарлар

Бактыга жараша, денеге түспөлдөш байпактарга дизайнерлердин тыюуларын токтото алабыз. Эми аларды кайда болбосун кийүүгө болот (аны жеңил бут кийим менен кийсе болот, бирок азыр күз). Кантсе да, суук мезгилде калың үлгүлөрүн тандаган туура. Гардеробуңузга карата алар кара же түрлүү түстүү боло берет. Андан башка, дизайнерлер бизге жыл мезгилге арналган гетраларды сунуштоодо. Алардын көп нускасы бар. «Олдоксон» ,чоң токулган бир түстүү түрдөн баштап ачык түстүү модельдерге чейин кийүүгө болот.
Күздө өзүңүзгө эмне кийем деген кезде шарфты эске алыңыз. Нымдуу аба ырайында жылуулук берсе, күн чыкканда сумкага батып кетет. Мелейге да келели. Жука мелейлер колуңузду желден жакшы коргоп, ал эми трикотаж митенкалар алгачкы суук түшкөн кезде сууктан коргойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!