Француз модасы: саркеч айым болуунун алтын эрежелери

Француз модасы: саркеч айым болуунун алтын эрежелери
28-Сен. 2017, Бейшемби, 10:31

Дүйнөдөгү эң саркеч француз айымдарынын мода эрежелери.

1-эреже:

Апаңыздын стили

Классикалык стиль эч качан модадан чыккан эмес. Ошондуктан апаңыздын гардеробун карап чыгып, дене мүчөңүзгө дал келген кийимдерди өз шкафыңызга кошуңуз.

2-эреже:

Буттарыңызды алдынкы планга чыгарыңыз

Баардык француз аялдары сулуу буттарга ээ эместигин билебиз. Ошондуктан сиз дагы алар сыяктуу буттарыңызды алдынкы планга чыгарып, кооз кийимдер менен сулуу көрүнгөн буттарга ээ боло аласыз.

3-эреже:
Ыңгайлуу болгон такалуу бут кийимдерди кийиңиз.


Шиш такалуу бут кийим ыңгайсыздык жана бактысыздык алып келип жатса, анда жакшы имидж түзүү мүмкүн эмес. Ошого байланыштуу күндүн аягына чейин ыңгайлуу жана жагымдуулук тартуулаган бут кийим тандоо керек.
4-эреже:

Аруулук тартуулоочу кийим


Сиздин гардеробуңуздагы кийимдердин ичинде сиздин аялдык назиктигиңизди көрсөтө турган кийимдер да орун алуусу кажет.

5-эреже:
Сулуу болуудан коркпоңуз

Үстүңүздөгү кийимиңиз сиздин ишенимдүүлүгүңүз да көрсөтүп турат. Ошого байланыштуу өзүңүздүү ишенимдүү сезе турган кийим тандаңыз.

6-эреже:
Сырткы бөлүктөргө арналган кийим

Байкерлердин курткаларынын тартып блейзерлерге чейин, бомбер жакеттеринен тартып бохо стилиндеги пальтолорго чейин француз айымдарынын эң жогорку баадагы жарнама көрсөткүчтөрү. Жөнөкөй джинсы шым менен футболка кийип, сыртынан аталган курткаларды кийүү менен сиз керемет образ жарата аласыз.

7-эреже:
Аксессуар колдонгон учурда киймиңиз жөнөкөй болуусу зарыл

Колдонгон аксессуарларга көңүл бөлүңүз, тандаган кийимиңиздин жөнөкөй болуусу кажет. Табигый өңдөргө тандоо жасаңыз.

8-эреже:

Эркин образ

Сиздин күнүмдүк жашооңузда жеңил, ыңгайлуу же болбосо бир ийини түшкөн кийимиңизди кийсеңиз туура келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!