Эркектер костюмду кандай тандоосу керек?

Эркектер костюмду кандай тандоосу керек?
12-Окт. 2017, Бейшемби, 12:18

Стиль маселесине келген болсок, классикалык костюм ар бир жигитке жарашыктуу отурат. Ал биз жакшы көргөн “casual’а” стили менен да жакшы көрүнөт. Бул стиль өзгөчө саркечтикти гана көрсөтүп койбой, ийгиликтүү жан экенинен да кабар берет. Эң башкысы тандаган костюмуңуз дене түзүлүшүнө шай келип, тыкан болуусу тийиш. Сапаттуу костюмду жакшы кеңешчиси бар дүкөндөрдөн алууга болот.

Түсү

Түсүн дыкат караңыз. Расмий кездешүүлөргө түсү өтө көзгө илинбеген, сүрөттү аз болгонунун тандаганыңыз оң. Адистер боз түстөгү костюмдардын өзүңүзгө узак убакыт кызмат кылаарын айтышат. Муну менен бирге аны ар кандай жагдайга киюүүгө болот. Жалпы костюмдар деп кара көк, кара боз костюмдарды айтабыз.

Ийини

Өлчөмдү пиджактан баштоо керек. Ийин менен аркасына көңүл бөлүңүз. Аталган бөлүктөр баскан кезде кыйынчылык туудурбоосу кажет. Жана өлчөмү чоң болбошу да зарыл. Ийин жери менен жакасы денеге жабышып турган жакшы.

Бел тушу

Заманбап жигиттер классикалык стилдеги костюмду атайы тикмечилерге тиктирүүнү туура көрүшөт. Ушул тандоолордун аркасында костюмдун бел тушун өздөрүнө ылайык кылып, бычтырышат.

Билек тушу

Жеңинин узундугу туура келээрине көз жеткизиңиз. Адатта жеңи өтө узун пиджактар көйнөктүн жеңин толугу менен жаап турат. Модельер адистердин пикири боюнча, пиджактын жеңи көйнөктүкүнөн 1,5 сантиметрге кичине болуусу тийиш.

Моюн

Тандоонун жакшы экенин көйнөктүн үстүнкү топчусу менен пиджактын жогорку бөлүгүнүн аралыктарынан байкоого болот. Кымбат костюмга француз манжети бар көйнөк жарашат.

Жогоруда аталган жөнөкөй эрежелерди эскерүү менен жарашыктуу костюм сатып алууга болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!