Пальтону кантип тандоо керек?

Пальтону кантип тандоо керек?
11-Ноя. 2017, Ишемби, 11:41

Пальто ар бир кыздын гардеробунда болот. Ал эми аны дене мүчөңүзгө, келбетиңизге карата кандай тандоо керектигин айта кетсек.

Эгер сиздин келбетиңиз келишимдүү, тагыраагы ийиниңиз менен жамбашыңыздын өлчөмү төп келип турса пальтонун баардык түрүн кие аласыз. Узундугу тизеңизге жетсе болду.

Эгер жамбашыңыз ийиниңизден чоң болсо жакасы көрүнүктүү, тагыраагы чөнтөгү бар пальтолорду тандаңыз. Ал эми пальтонун белден төмөнкү жагында ашыкча нерселер болбогону жөн.


Эгер ийиниңиз жамбашыңыздан чоң болгон болсо белден төмөнкү жагы кенен, чөнтөктөру төмөнүрөөк жайгашкан пальтолорду тандоо кажет.

Дене мүчөңүз “төрт бурчтуу” болсо ошончолук назик көрүнгөн пальтолорду алуу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!