Жылдыздар жактырган капчык моделдери

Жылдыздар жактырган капчык моделдери
11-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 10:48

Ар бир аялдын сүйүктүү капчыгы (сумка) бар чыгаар. Бул артефактты алар ар дайым жанында алып жүрүшөт эмеспи. Ансыз айымдар бир нерсеси кем болуп жаткандай сезимде болушат. Ошондуктан бугүн сүйүктүү жылдыздарыңыздын кандай капчыктарды жактыраары тууралуу сөз кылмакчыбыз. Албетте алар белгилүү моделдерди тандашат.

1. Лив Тайлер

Жаш эне аталган Лив Тайлер көпчүлүк учурда чынжырчалуу же узун кармагычы бар капчыктарды тандайт. Себеби ал капчыктар колду бош болуусун камсыз кылат. Бирок “Givenchy Melancholia” темир жапкычтары менен анын сүйүктүү капчыктарынын бири бойдон калмакчы!

2. Джессика Альба

Джессика сумканын жардамы менен күнүмдүк образдарын ар тараптуу кылууга тырышат. Ошентсе да аны “Louis Vuitton”дун капчыктарында көп көрүүгө болот.

3. Виктория Бекхэм

Виктория “Hermès Birkin”дин капчыктарын жактырат жана бул сумкаларга болгон сүйүүсүн эч качан жашырбайт. Бир жолу ал бул үлгүдөгү сумкалардан коллекциясында миңдеген түрү бар экенинин айткан.

4. Сальма Хайек

Сальма кечки иш-чаралар менен күнүмдүк образдарын клатч сумкалыры менен толуктаганды жактырат. Бирок, көк замшалуу “Givenchy” сумкасы менен официалдуу иш-чараларда көп көрүүгө болот.

5. Сиенна Миллер

Сиенна Миллер күнүмдүк жашоодо көбүнчө ыңгайлуулукту жактырат. Ошондуктан аны америкалык бренд “Mansur Gavriel”дин териден жасалган капчыктары менен чыгат.

6. Наоми Кэмпбелл

Моделдик бизнестин кара пантерасы аталган Наоми колуна көптөгөн модалуу нерселерди кармаса да, бирок ал “Louis Vuitton”дун сумкалыраны болгон сүйүүсү өчкөн жок.


7. Кейт Хадсон

Актриса Кейт Хадсон – “Chanel” брендинин күйөрманы.

8. Кейт Миддлтон

Кембридж герцонясы керемет тандоосу менен гана айырмаланбай, ошону менен бирге ал бир аксессуарларды бир нече жолу пайдалануудан тартынбайт. Дресс-код Кейтке клатч сумкалырын тагынууга талап кылынат. Анын тандоосунун бири- замшалуу “Mulberry” болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!