Сиз буларды кийесизби?

Сиз буларды кийесизби?
22-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 13:08

Он жылдан ашык убакыттан бери австралиялык “Ugg” брендинин кышкы өтүктөрү көп сөз болуп келүүдө. Кээ бир дарыгерлердин айтуусу боюнча, угги ден соолукка зыян! Бирок мода дүйнөсүн башка маселелер кызыктырууда. Кокунучтубу же коозбу? Модалуубу же начарбы? Француз бренди “Y / Project” бул суроого жооп катары “Ugg” менен биргеликте жаңы үлгүдөгү бут кийимдерди – ботфорт, өтүктөр жана шлепкалар чыгарды.

“Y / Project” күз-кыш 2018 – “Ugg” бут кийимине арналган подиумдагы дебютук көргөзмөсү болуп өттү. Ал мода маалымат каражаттарында көп чуу чыгарды. Бирок мода сынчылары бир нерсеге келишти-кийинки суук мезгилдин модасында болуш керек деген.

“Ugg” бут кийиминин жаңы моделдери 300дөн баштап 1400 долларга чейин турмакчы. Сатыкка 2018-жылдын күз айларында чыга баштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!