Ханыша мода жумалыгына биринчи жолу катышты

 Ханыша мода жумалыгына биринчи жолу катышты
22-Фев. 2018, Бейшемби, 10:32

Улуу Британия ханышасы Лондондогу мода жумалыгына өзүнүн жаңы коллекциясын сунуштаган дизайнер Ричард Куиндин көргөзмөсүнө келип конокторду таң калтырды. Елизавета II 27 жаштагы дизайнердин коллекциясына баа бериш үчүн келди. Ханыша алдыңкы катардан орун алды.

Елизаветанын сол жагында америкалык “Vogue” журналынын башкы редактору Анна Винтур, ал эми оң жагында - Британдык мода кеңешчиси Кэролайн Раш отурду.

Елизавета II “Angela Kelly”нин көгүш түстөгү костюмун таңдап, назик жана элеганттуу образда ачып берген. Ошондой эле образын туфли, мээлей жана кара түстөгү сумка менен толуктаган. Елизаветта II мода жумалыгына алгачкы жолу катышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!