“Lacoste” логотибиндеги крокодилди алып таштады

 “Lacoste” логотибиндеги крокодилди алып таштады
7-Март 2018, Шаршемби, 11:47

“Lacoste” француз компаниясы табиятты сактоо жөнүндөгү Эл аралык жаратылышты коргоо (IUCN) коммерциялык эмес уюму менен биргелешип поло кийимдеринин чектелүү сериясын чыгарды. Бул тууралуу “Lenta.ru” сайты билдирет.

Спорттук стилдеги кийим менен аксессуарларды чыгарган компания 1933-жылдан бери өзгөрүүсүз келе жаткан крокодил логотибин алып таштады. Анын ордуна жоголуп бара жаткан 10 жаныбардын сүрөтү менен алмаштырды. Алардын ичинде: номаскуса, бирманын кровельна таш бакасы, Колифорниянын кондору, чыгыштын кара хохлат гиббону, саол, түндүктүн лумуру, совин тоту кушу, яван кериги жана суматранын жолборсу бар.

Жалпысынан 1775 поло чыгарылган. Жаныбарлардын сүрөтү бар логотиптеги үлгүлөрдүн саны дүйнөдө сакталган популяциянын санына шайкеш келет. Ошондой эле, азыр вирджиниялык циклоурдун 450ге жакыны жана калифорниялык суу чочколорунун отуздайы бар. Бир поло кийиминин баасы 150 евро турат, ал эми түшкөн акча "IUCN” ге берилет.

“Lacoste” кийим, парфюмерия, көз айнек, сааттар жана булгаары буюмдарын чыгарат. 1933-жылы курулган. Крокодил - компаниянын негиздөөчүсү теннисчи Рене Лакостун лакап аты. 2012-жылга чейин компанияны Лакост үй-бүлөсү башкарып келген болсо, андан кийин акциянын 93,3 пайызы Швейцариянын “Maus Frere” компаниясына сатылган. Бренддин парфюмерлик бөлүмү “Coty” корпорациясынын энчиси болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!