Кенен шымдар: ким жана кандай кийүүгө болот?

Кенен шымдар: ким жана кандай кийүүгө болот?
19-Март 2018, Дүйшөмбү, 11:38

Узун жана көпчүлүк учурда бут кийимдин такасын жапкан шымдар жарашыктуу келет эмеспи. Мындай шымдар кимге жарашат? Жарашыктуу кийинген ар бир айымга жарашат.

Эгер сиздин буттарыңыз узун, ал эми боюңуз орточо болсо жалпак бут кийим менен кенен шым кийиңиз. Бул учурда бийик такалуу бут кийим менен кенен шым кийүүнүн кереги жок.

Эгер бутуңуз-узун жана түз болбосо анда бул шымдын жардамы менен кемчиликтерди жаап жашырууга болот.

Ал эми эгер сиздин фигураңыз алма формасында болсо кенен келген шымдар — сизге керектүү фасон болмокчу. Ага жарашыктуу кылып блузка жана жакет кийип алыңыз. Боорун бекитпеңиз - себеби бул учурда жакетте вертикалдуу тик сызык пайда болот. Бул учурда кийим сизге жарашыктуу отурганын билдирет.

Эгер сиздин фигураңыз тескери үч бурчтуу формада болсо, жамбаштан ылдый кенен болгон шымды сатып алыңыз же тиктириңиз. Мындай фасондогу шым сиздин дене мүчөңүзгө жарашыктуу болот.

Эгер сиздин фигураңыз тик төрт бурчтуу болсо, анда кенен шым - дал сизге керек. Ал учурда жамбаштан кеткен кенен же белге акцент бербегендей шым тандаганыңыз оң.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!