Муздаткычтагы жыт эмнеден улам пайда болот?

Муздаткычтагы жыт эмнеден улам пайда болот?
4-Апр. 2018, Шаршемби, 16:21

Муздаткычта жагымсыз жыттын пайда болушуна эмне себеп болушу мүмкүн?

Биринчиден, албетте бузулган тамак-аштар. Сыртынан жакшы көрүнгөнү менен сактоо мөөнөтү өткөн тамактардан абайлаш керек. Өзгөчө жумуртканын бузулганын билиш кыйын болот. Сырткы көзгө баары жакшы көрүнгөнү менен 10 дана жумуртканын арасынан кайсынысы таза, кайсынысы бузулганын аныктоо мүмкүн эмес.

Экинчиден, жыттын пайда болушуна бирден-бир себеп – кир кутуча жана суюктук. Тагыраагы төгүлгөн маалда сүртулбөй калган суюктук такка айланат.

Үчүнчү себеп – муздаткычтын узак убакыт иштебей турушу. Муздаткычыңыздын бузулбоосун кааласаңыз, ушул үч жагдайга маани бериңиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!