Бүчүрдүн пайдасы

Бүчүрдүн пайдасы
10-Апр. 2018, Шейшемби, 12:40

Долоно. Анын бүчүрлөрү жүрөк ооруларына таптыргыс дары. Кан басымын калыбына келтирет. Жыйнаган бүчүрлөрдү банкага салып, үстүнө 1:3 өлчөмүндө арак куюп, 2 жума караңгы жерде кармайбыз. Андан кийин сүзүп алып, 0,5 стаканга 10 тамчы тамызып, күнүнө 2 жолу тамак ичерден мурун 3 жума жеп турасыз. Жылына 2-3 жолу кайталаса болот.

Сирень. Сирендин бүчүрлөрүн алгач духовкада кургатып, майдалап алабыз. Андан соң бирдей өлчөмдө вазелин менен аралаштырып, бел менен муундардын ооруган жерине сүйкөңүз.

Липа. Анын бүчүрлөрү кургатып, тунма жасоого болот. 1 аш кашык липа бүчүрүн термоско салып, үстүнө 1 стакан ысык суу куюңуз. 1 саат убакыт өткөндөн кийин күнүнө 4 ирет 1 рюмкадан ичиш керек. Бул жасалган дары дененин шишигин басып, заараны жакшы айдап чыгарат.

Терек. Теректин бүчүрүнөн колдогу ооруну басуучу тунма даярдоого болот. 1 аш кашык кара терек бүчүрүнө 2 стакан суу куюп, 2 сааттан кийин сүзүп алабыз. Күнүнө 3 жолу жарым стакандан тамактын алдында ичип туруш керек.

Терек бүчүрлөрүн тери ооруларына каршы пайдаланууга да болот. Ал үчүн 3-4 аш кашык кайнатып, ваннага куюп, түшүш керек.

Кара жыгач. 1 стакан кара жыгач бүчүрүн 2 литр сууга салып, 20 мүнөт кайнатасыз. Аны сүзүп, ваннага куюңуз. Тери ооруларын ушинтип айыктырат. Эгер диареяга кабылсаңыз же ичиңиз курулдап, тынчыңызды алса, 1 чай кашык кара жыгач бүчүрүн 1 стакан кайнаган сууга салып, тундуруп ичиңиз.

Бак-дарактардын бүчүрүнүн курамы минералдар менен витаминдерге, антиоксиданттарга, антисептиктерге, антибиотиктерге бай келет. Жана организмди жашартуучу касиетке ээ.

Эскертүү!!! Колдонордон мурда дарыгерден кеңеш алыңыз!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!