Бутту дубалга көтөрүп жатуу пайдалуубу?

Бутту дубалга көтөрүп жатуу пайдалуубу?
12-Апр. 2018, Бейшемби, 17:40

Бул көнүгүүнүн эң жакшы жери анын жөнөкөйлүгүндө. Үйдүн дубалына перпендикуляр болуп жатып, ага жамбашыңызды тиреп, бутуңузду жогору көтөрүп жана колуңузду дубалга параллель созуп, денеңизди эркин кармап жатуу керек.

Бул көнүгүүнүн узак убакыт жасоонун кереги жок, ага болгону 15 мүнөт коротсоңуз жетет. Көнүгүүнү 5 мүнөттөн баштап күнүнө 2 мүнөттөн кошуу аркылуу көбөйтөсүз. Алгач баштаган кезде ынгайсыз болуп тажатып жибериши мүмкүн. Чыдап жасасаңыз, денени бош кармоого үйрөнөсүз. Бул ыкма күнү бою турганда же болбосо отурганда дененин төмөнкү жагы, бутуңуз жасаган кыймылды “алмаштырып” жиберүүгө жардам берет.


Анын пайдасы көп. Бул көнүгүү аркылуу бутта жыйналган суюктукту ташып, жалпы жонунан калыпка келтирүүгө жана денинин төмөнкү бөлүгүндө жыйналган жүктү алууга, тизенин алдындагы булчуң эттин түйүлүп калуусун алдын алат.

Эгер жүгүргөндөн кийин кыймыл-аракет кылганда башыңыз айланып кетсе, ушул көнүгүү жардам берет. Мындай көнүгүү бутту бошоңдотууга гана эмес, ошону менен моюн менен аркадагы салмакты түшүрүүгө да пайдалуу.

Дубалга бутту көтөрүп жатуу күндө компьютерде отуруудан пайда болгон бүкүрөйгөн абалды кетирет. Бул машыгуунун дагы бир өзгөчөлүгү 10-20 мүнөттүк ден-соолугуңузга кам көрүүнүн убактысы табылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!