Жаш келинге ашкана кеңештери

Жаш келинге ашкана кеңештери
26-Апр. 2018, Бейшемби, 16:23

1. Көптөгөн тамак рецептеринде «бир чымчым ванилин же ашкана содасын кошуңуз» деп көрсөтүлөт. Бирок аларды көп кошуп койгондон, өлчөп же аз салган туура экенин унутпаңыз.

2. «Кум шекерлүү» камырды узак убакыт илей берсеңиз, нан катуу болот.

3. Бисквит камырды дароо бышырбаңыз, курамына аба кирип, дамын жоготот.

4. Пирогтун бышканын билүү үчүн арасына жыгач таякчасын киргизип көрүңүз. Эгер кургак болсо, даяр болгон.

5. Камырдын курамына мейиз кошо турган болсоңуз, аны ысык суу менен жууп, артынан унга чылаңыз. Ушундайча камырда тегиз катмар пайда болот.

6.Капуста кошулган пирог ойдогудай чыкканын каласаңыз, алгачкы 15 мүнөттө духовканын капкагын ачпоого аракет кылыңыз.

7. Эч убакта даяр шорпонун ичинде лавр жалбырагын калтырбаңыз. Бышыруу учурунда жакшы болгону менен, артынан шорпонун дамын бузуп салат. Ал эми сарымсакты бышырып бүткөндөн кийин гана кошуңуз.

8. Шорпону оттон алган кезде сабиздин, капустанын, кызылчанын ширесин кошуп алыңыз. Ошол кезде боткого май кошкондой дамдуу болот.

9. Эгер шорпого өлчөмүнөн ашыкча туз кошуп койсоңуз, ичине бышкан күрүчтү марлиге ороп салыңыз. Ушундайча ал ашыкча тузду өзүнө соруп алат.

10. Бадана менен ашбурчакты тез бышыруу үчүн ар бир 5-10 мүнөт сайын чоң кашык менен муздак суу кошуңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!