Колду кургатууга арналган түзүм бактерия таратабы?

Колду кургатууга арналган түзүм бактерия таратабы?
7-Май 2018, Дүйшөмбү, 17:51

Америкалык окумуштуулар жакында жүргүзгөн изилдөө учурунда колду кургаткан аппаратта канча бактерия өмүр сүрөрүн аныкташкан. Изилдөо учурунда кургаткыч микробторду таратуучу түзүм экени аныкталган. Ошондуктан адам ден-соолугу үчүн эң пайдалуусу сүлгү колдонуу.

Колуңузду жууп, электр ккургаткыч менен кургаткандан кийин бул процедураны кайра жасоого тура келет. Анткени, түзүмдөгү жылыган абада көптөгөн зыяндуу бактериялар менен зыяндуу таякчалар бар. Ошондой эле, алар башка бөлмөлөргө караганда дараткана менен ваннада көп болот. Бул тууралуу “vistanews.ru” сайты билдирет.

Микробтор менен бактериялар нымдуу колго жакшы конушат. Түзүмдөн түшкөн бактериялар колду жакшылап жуумайынча кетпейт. Ал эми алар тамактанган кезде организмге кирип кетишү мүмкүн. Бирок ооруканаларда жана даратканаларда сүлгүнү колдонуу пайдалуурак болмок.

Мурда жүргүзүлгөн изилдөөлөргө шайкеш, колго конгон кургаткычтагы бактериялар айланага тез тарайт экен.

Айта кетсек, адистер адамдар ар бир тамак менен бирге көп өлчөмдө пластикалык бөлчөктөрдү да кошо жешери аныкталган. Адам организмине күнүнө ушундай жүздөгөн микропластикалык таякчалар кирет экен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!