Үйдү жазгы маалга тазалоо

Үйдү жазгы маалга тазалоо
14-Апр. 2017, Жума

Жыл мезгилдин алмашуусу үйдү тазалоонун жакшы шылтоосу болот эмеспи. Үйдү карап туруп, тазалык иштерин эмнеден баштоону билбей каласың. Эмнеден баштап, эмнени жууп, эмнени ыргытып таштоо керек? Күмөн саноолорду болтурбаш үчүн жасалчу иштерди тизмектеп алууга болот. Алгач ар бир бөлмөнүн өз-өзунчө тапшырмаларын бөлүп алыңыз. Эми баштадык!

Бөлмөлөр

Эң алгач терезелерди жууп чыгуудан баштаңыз. Парда менен тюлду чечип, аларды жууп алыңыз.

Заттарды орду ордуна коюштуруп чыгыңыз. Ыңгайлуу болушу үчүн бир нече бөлүккө бөлүп алыңыз. Мисалы, биринчи кийимдериңизди жыйнап, кийин кагаздарды жыйнаштырыңыз. Жыйнап жаткан бөлмөгө таштанды салуучу баштык алып алыңыз кереги жок заттардан арылууга ыңгайлуу болот.

Килем менен жумшак эмеректерди чаң соргучтун жардамы менен тазалаңыз. Андан кийин бөлмөгө жылуу суу бар леген менен чаң сүргөн сүлгүнү алып, даярдап алыңыз. Батареяларды, эмерек, люстралар менен эшиктерди суртүп чыгыңыз. Метал болгон туткаларды жалтыратып сүртүп чыгып, эшиктин кыйчылдаган үндөрдөн кутулуу үчүн майлап коюңуз.

Ашкана

Муздаткычтан баштаңыз. Убактысы өтүп кеткен тамак-аштарды ыргытып, полканы жакшылап тазалап суртүп чыгыңыз. Шкафтын ичиндеги полкаларды, электр мештерин да жакшылып сүртүп чыгыңыз.

Уктоочу бөлмө

Эринбей жаздыктарды, төшөктөрдү жана жууркандарды кунгө чыгарып жайып коюңуз. Муну бир жылда бир жолу жаз айларынын аягында жасап турган жакшы.

Жуунуучу бөлмө

Косметика менен жеке гигиена каражаттарын текшерип чыгыңыз. Колдонуу мөөнөтү өткөндөрдү ыргытып салыңыз. Жууна турган каражаттарды ирээттеп чыгып, сүлгүлөрдү бүктөп, полкаларды сүртүп, ваннанын ичин жууп чыгыңыз.

Иш кабинети

Эгер үстөл үстүндө көптөгөн кагаз жыйналып калса, алардын ичиндеги маанилүүлөрүн өзунчө бир кутуга салып ирээттүү коюңуз. Кереги жок кагаздарды таштандыга ыргытыңыз.

Склад, антресолдор, кире бериш

Кышкы бут кийимдерди жууп, тазалап, кутусуна салып, кышкы кийимдерди антресолдорго салып жыйнаштырыңыз. Эгер керек болсо сумкаларды жазгы, ачык түстөргө алмаштырыңыз. Жазгы кийимдерди чыгарып, илип коюңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!