Жашоодо керек болчу кеңештер

Жашоодо керек болчу кеңештер
2-Май 2017, Шейшемби

1. Бир чечимге келе албай, кыйналсаңыз, тыйын ырыгытыңыз. Албетте, анын сизге туура чечимди таап берүүсү эки далай. Бирок ал айланып түшкөнчө, сиз кандай чечимге үмүтөнгөнүңүздү аныктай аласыз.

2. Интернет дүкөн аркылуу сатып алуудан мурда, ошол товарга промо-код издеп көрүңүз. Себеби азыркы убакта ар бир товарды болжолдуу түрдө 25 пайыз менен алууга болот.
3. Сууну тез арада муздатууну кааласаңыз, аны нымдуу кагазга же майлыкка ороп, муздаткычка салыңыз.
4. Эгер сиз браузердин терезелерин байкабай жаап алсаңыз, “CTRL+SHIFT+T” клавишаларын басып, аларды кайрадан ачып ала аласыз. Бир жолу басаңыз бир терезе ачылат.
5. Эгер кызыңызга эмне белек берүүнү билбесеңиз, ага белекти алып койгонуңузду айтыңыз. Ал белек эмне болушу мүмкүн экенин сураңыз. Ошондо ал эмне каалап жатканын тизмектеп айтып баштайт.

6. Эгер учактын аркы жагына отуруп калсаңыз, орун алмаштырууга шашылбаңыз. Себеби арткы жакта отурсаңыз, аба кырсыгында аман калуунун мүмкүндүгү 40 пайызга жогору.
7. “YouTube” сайтында бир ырды уккуңуз келсе, кайра-кайра ачып, коюнун кажети жок. Жөн гана "Үoutube" менен "com" сөздөрүнүн арасына "replay" сөзүн жазуу керек.

8. Эгер сизге жашыруун номер менен бирөө чалып жатса, анын ким экенин табууга болот. Ал үчүн телефонду өчүрүп таштап, кайра күйгүзгөндөн кийин кабыл алынбаган номер катары абоненттин номери смс аркылуу келет.
9. Унааңызды эвакуация менен алып кетпеши үчүн, рульду болушунча буруп таштаңыз. Аны сүйрөп да, дөңгөлөк арыкылуу көтөрүп да алып кете албайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!