Паласты кантип жеңил тазаласа болот?

Паласты кантип жеңил тазаласа болот?
23-Май 2017, Шейшемби

Жаз келгенден баштап кышы менен жаткан жууркан-төшөктөрдү сыртка жайып, тазалоо иштери башталат эмеспи. Ошолордун бири үйдө салынып жаткан килем же паласты тазалап, жууп чыгуу да өзүнчө бир түйшүк жаратат. Аны кантип тазалайым, кантип тактарды кетирем деген сыяктуу суроолор жаралат. Сиздер үчүн ушул суроолорго жооп катары төмөндөгү жеңил ыкманы сунуштамакчыбыз:

Паластарды жууш үчүн убакыт үнөмдөп жана капчыгыңызга да катуу тийбегендей тазалоо үчүн атайы каражатты өз колубуз менен жасоону үйрөтөбүз. Бул каражат арзан жана түрдүү курамындагы химиялык заттар кошулган каражаттарга караганда –алда канча жакшы тазалайт.

Ал үчүн орто көлөмдөгү бош идиш чачыраткычы менен керектелет жана анын ичине:

-1 аш кашык сода;

-1/3 стакан уксус;

-ысык суу, бирок кайнаган эмес (алган идишибиздин жээгине 5 сантиметр жеткирбей);

-1 аш кашык кир жуучу айна.

Даяр болгон каражатты кир болгон тактарга чачыратып алып тазалап чыгабыз. Эң оңой тазаланат!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!