Кыз келиндерге кеңештер

Кыз келиндерге кеңештер
30-Июнь 2017, Жума

1) Жаны сатып алган самынды пайдалануудан мурда, батареяга же печканын кырына коюп алып, анан колдонсо, ал кир жууган учурда эки эсе кобурот.


2) Пияздын кабыгын жазында картошка отургузуу учурунда, башкача айтканда урон салган ункурго кабыкты кошо комсо, кабык чиригенден кийин, картошканын "душманы" болгон калорат жугунан сактайт.

3) Лимондун согу бычактын мизиндеги, жез буюмдардагы, дасторкондогу чайдын тагын кетирип, мрамор плиталарды жана кафелдерди жаркырата тазалайт.

4) Ак кирлерди агартуунун эн жонокой жолдорунун бири, 1 чака ысык сууга 2 аш кашык осумдук майын 1 стакан "Белизна " жана 200 г. айна кошуп кирди чылап коюп эртеси жууп салса таза, аппак болуп кетет.

5) Эгерде сиз кокустан колуңузга "Момент" клей жуктурп алсаңыз, маргарин менен майлап бир аз күтүп туруу керек.

6) Эгерде сиз үйүңүздө жагымдуу жыт туруусун кааласаңыз, лимондун сыртыны сууга бир нече минут кайнатып койсоңуз болот.

7) Крандагы кара такты кетирүү үчүн уксуту колдонсоңуз болот.

8) Сүттү бышырганда "качып" кетпес үчүн, кастрюлдун ички бетин май менен майлап коюу жетиштүү.

9) Жашылчаларды кайнап турган сууга гана салып бышыруу керек.

10) Жаңы түшүмдөн алынган картошканы оңой аарчуу үчүн, алдын ала муздак туздуу сууга салып коюу керек.

11) Картошканы кууруганда бышыруунун аягында туз кошуу керек.10. Фасоль менен буурчак жакшы бышыш үчүн ир түнгө муздак сууга чылап коюу керек.

12) Картошканы кайнатууда жарылып кетпеши үчүн, туздуу бир нече уксустун тамчысы аралашкан сууда кайнатуу керек.

13) Кызылча кайнатууда өзүнүн өңүн жоготпош үчүн, аны алма уксусу менен шекер аралашкан сууда кайнатуу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!