Идиш жуугуч зыяндуубу?

Идиш жуугуч зыяндуубу?
5-Авг. 2017, Ишемби

Немис окумуштуулары идиш жууганга арналган соргучта көптөгөн патогендүү бактериялар болоорун аныкташкан. Алардын кээ бири менингит менен сепсисти пайда кылышы мүмкүн. Бул тууралуу “Scientific Reports” журналы жарыялады.

Биологдор ашканада турган 40 соргучту алып, андагы биополимерлердин түзүлүшүн изилдешкен.

Анын натыйжасында, идиш жуучу соргучта микробдор көп болоору аныкталган. Ошондой эле, соргучта инфекцияны козгоочу “Chryseobacterium hominis” жана “Moraxella osloensis” бактериялары жыйналат экен.

Эксперттердин айтуусу боюнча, соргучтар кайра-кайра дезинфекцияланса да, бардык микробдор өлбөөрү, тагыраагы алардын курамы гана өзгөрүлөөрү белгилүү болгон.

Ошондуктан адистер идиш жууга арналган соргучтарды эки жума сайын алмаштырып турууну кеңеш беришет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!