Гүлдөргө кам көрүү

Гүлдөргө кам көрүү
25-Авг. 2017, Жума

Гүлдөрдүн жалбырагынын азыктандырылып жана чаң болбоосун алдын алуу үчүн майонезге сиңирилген кебез менен аарчып туруу керек.

Жалбырагы чоң болгон гүлдөрдү болсо кебезге азыраак глицерин тамчылатып аарчыса, жалтырап, жандуу болуп калат.

Гүлдөрдү сууга салаарда сабынын төрттөн үч бөлүгү суда кала тургандай кылып жайгаштыруу керек.

Эки күндө бир гүлдүн сабын 2 см. кыскартып, ашыкча жалбырактарын тазалап туруу зарыл.

Розалар башын ийип шылкыйып калса, алгач ысык, андан соң муздак сууга салңыз.

Гүлдөргө сууну күн ысык учурда эмес, кечинде куюу керек.

Гүлдестелер көпкө сакталсын десеңиз, суусун алмаштырганда азыраак аспирин же кумшекер салып коюңуз.

Ичке түзүлүштөгү вазаларды жумуртканын кабыгы жана самындуу ысык суу менен аралаштырып жууса оңой тазаланат.

Бөлмө гүлдөрүнүн жакшы өсүүсү үчүн жумуртка же жашылчалар кайнатылган тузсуз сууну колдонсо жакшы натыйжа берет.

Гүлдү эртең менен үзсө көпкө сакталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!