Эмнеге саат белекке берүүгө болбойт?

Эмнеге саат белекке берүүгө болбойт?
7-Сен. 2017, Бейшемби

Жакын адамдарга белек берүү, аны кубантуу жакшы сезимдерди тартуулайт эмеспи. Алардын жан дүйнөсүндө жагымсыз учурлар болсо, сыртка чыгарып, маанайын көтөрүүгө жардам беребиз. Ошентсе да белек берүүнүн өзунө тийиштүү өзгөчөлүгү бар. Кээ бир белектерди жакын адамдарыбызга берүүнүн кажети жок. Мисалы, «сүйгөн адамдар бири-бирине саат белекке бербеши керек» деген түшүнүк бар. Бирок анын сырын эч изилдеп көргөн эмес.

Бул түшүнүк кайдан пайда болду?

Жалпы саатты белекке бербөө тууралуу эки пикир бар. Биринчиси, батыштын салтына ылайык сааттын тили курч зат катарына кирет. Тагыраак айтканда, сааттын тили найзанын элесин билдирип, аны адамга бергени жамандык чакырган менен бирдей. Андан кулам келип чыккан түшүнүктөргө караганда «бакытты экиге бөлүү» же болбосо «достук карым-катнашты токтотуу» дегенди билдирет.

Экинчи түшүнүк бизге Кытай булактарынан жеткен. Себеби кытайлыктардын ишениминде сааты белеке берүү өлүмгө чакырган менен барабар. Тагыраагы, катыштыгы болгон адамдын жаназасына келүү деген сөз. Мындан бөлөк саат эки адамдын арасындагы мамилени токтотуучу убакытты билдирет деп айткандар бар. Япондуктардын түшүнүгү боюнча жакын адамга саат берүү ага түздөн-түз өлүм тилөө менен бирдей экен.

Сүйүктүүңүзгө саат белек кылууга болобу?

Калыпташкан түшүнүк кандай болссо да эң башкысы сүйүктүү адамыңызга саат белек кылуунун кереги жок. Себеби саат берүү тууралуу түшүнүк калыптанып кеткенден кийин, билип туруп белек берүү коштошкуңуз келгенин билдирип калат. Сааттан да башка белектер көп эмеспи. Эгер саат алып берүүнү калаап турсаңыз, жакын адамыңызга акчасын бериңиз, өзү сатып алганы жөн.

Сыйлыкка саат алганда эмне кылуу керек?

Биз жогоруда саатты эмне себептен белекке берүүгө болбой тургандыгын жаздык. Ошентсе да сиз саатты белекке алган болсоңуз, эмне кылуу керек?

Чуу чыгаруунун кажети жок. Кандай болгону менен жакын адамыңыз сиз үчүн чын көңүлү менен берип тургандан кийин, сиз ага маани бербөөгө тырышыңыз. Саат тууралуу жаман түшүнүктү оюңуздан таптакыр чыгарып таштаңыз. Балким белек тартуулаган адам саат жөнүндө ишенимди билбейт чыгаар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!