Фарида Жумакадырова
9-Сен. 2017, Ишемби, 12:58
Баардык нерселер сыяктуу эле татымалдарды көп өлчөмдө колдонуу зыян алып келет. Татымалдарды колдонуудан мурда дарыгер менен кеңешиңиз.
1. Мускат
- Ар дайым жана көп өлчөмдө мускат колдонуу: жүрөк тез согошуна, жүрөк айлануусуна жана галлюцинацияга алып келиши ыктымал.
- Кош бойлуу жана бала эмизген энелерге колдонууга болбойт.
2. Жапалак (тимьян)
- Кан басымын жогорулатат.
- Сезимтал терини аллергия кылышы мүмкүн.
- Көбүрөөк пайдалануу былжыр катмарга зыян алып келет.
3. Кара мурч
- Гастрит, тамак-ашты сиңирүүдө кыйынчылыктарды жаратат.
- Териге түздөн-түз тийген учурда күйгүзүп, канталатып кызарышы мүмкүн.
- Ачуу болгондугуна байланыштуу ысытып, тердетет.
4. Зире (тмин)
- Зирени ашыкча колдонуу кандын кант деңгээлин төмөндөтөт.
- Ашказаны ооругандарга да ашыкча колдонууга болбойт.
5. Кызыл калемпир
- Калемпирдин териге зыяндуулугу тууралуу талаш-тартыштар бар. Теринин сезимтал болуусуна алып келиши ыктымал.
- Экзема жана геморрой болгондорго калемпир колдонууга болбойт.
- Жүрөк кан тамыр оорулары менен жабыркап келгендер үчүн аны абайлап колдонуулары керек, себеби ал кан айланууну тездетет.
6. Шалфей
- Эпилепсиясы барларга колдонууда абай болуулары керек.
- Эркектердин бел кубатын азайтат деген кептер айтылат.
- Көп өлчөмдө колдонуу ашказанга зыяндуу.
7. Туз
- Дененин гормондуу балансын бузат.
- Кан басымын жогорулатат.
- Бөйрөккө зыяндуу.
- Целлюлитти жана денеде шишик пайда кылат.
- Остеопороз оорусуна алып келет.
8. Корица
- Узак пайдалануу ич катууга алып келиши мүмкүн.
- Көбүрөөк колдонуу боордун иштөөсүн кыйындатат.
- Теринин кычышуу жана кызарууга алып келет.
9. Шафран
- Ашыкча колдонуу бөйрөккө зыяндуу.
- Ууланып калуу коркунучу бар.
- Кош бойлуу учурда колдонууга болбойт, себеби кан кетүүсү мүмкүн.
10. Куркума
- Куркуманы ири көлөмдө керектөө кан клеткаларына зыян алып келиши мүмкүн.
- Ичти көптүрөт.
- Сезимтал органдарда аллергиялык реакциялар пайда кылуусу ыктымал
11. Сумак
- Кээ бир түрлөрү уулуу болгондуктан, теринге зыян келтирет.
- Кан басымын жогорулатат.
- Ич катууга алып келиши мүмкүн
12. Фенхель
- Жүрөктүн айланышы жана кусууга алып келет.
- кош бойлуу аялдарда жатындын көйгөйүнө алып келиши ыктымал.
- Ашыкча салмак менен күрөшкөндөр сак болуулары керек, себеи табитти ачат.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!