Маанилүү бирок майда кеңештер

Маанилүү бирок майда кеңештер
15-Сен. 2017, Жума, 10:09

Кийимге жармашып калган сагызды кантип тазалоо керек?

Жакшы көргөн кымбат кийимиңизге сагыз жармашып калды дейли. Кайгырбаңыз, ал жарактан чыккан жок. Сүйүктүү кийимиңизди мурдагы калыбына келтирип алуунун бир нече ыкмалары бар. Алар төмөнкүлөр:

Бензинди пайдалануу ыкмасы менен

1. Кийимиңиздин сагыз жармашып калган бөлүгүнө бензинден бир аз куюңуз. Ал сагызды жок кылып салат. Бирок кийимиңизди бузуп коюшу мүмкүн. Ошондуктан, өтө кылдаттык менен бензинди аз-аздан куюп иштетүү зарыл.

2. Бензиндин жытын кетирүү үчүн кийимди жууп салыңыз.

Тоңдуруу ыкмасы менен

1. Кийимиңизди сагыз үстүнкү бетинде калгыдай кылып бүктөңүз.

2. Аны ошол бойдон полиэтилен баштыгына салыңыз. Сагыз баштыкка жармашып калбагыдай болсун.

3. Баштыктын оозун бууп, аны муздаткычтын тоңдургучуна бир нече саатка салып коёсуз.

4. Алып чыгып, кийимдеги сагызды бычак же кайчы менен кылдаттык менен кырасыз. Сагыздын эрип кетишине жол бербеңиз, ал канчалык муздак болсо, ошончолук жакшы тазаланат.

Үтүктөө ыкмасы менен

1. Кийимиңизди картон кагаздын үстүнө салыңыз. Сагыз картонго тийип тургудай болсун.

2. Үтүктү сайып, орточо температурага коюңуз.

3. Сагыз картондо калып калмайынча кийимди үтүктөй бериңиз.

Уксусту пайдалануу ыкмасы менен

1. Идишке уксусту куюп ысытыңыз.

2. Тиш жууган щётканы уксуска малып, аны менен сагызды сүртүңүз.

3. Сагыз толук кетмейинче аракетиңизди уланта бериңиз. Эгер уксус муздап калса, кайра ысытыңыз.

4. Жытын кетирүү үчүн кийимиңизди жууп салыңыз.

Кийимге сиңип калган тамекинин жытын кантип кетирүүгө болот?

Бул дагы чоң маселе эмес. Төмөнкү эң эле жөнөкөй ыкманы колдонуу менен кийимге сиңип калган жыттан арыла аласыз.

1. Ваннаны ысык сууга толтурасыз.

2. Ваннадагы сууга 5%дык тамак-аш уксусунан 4 пиала куясыз.

3. Буу чыгып кетпеш үчүн ваннанын эшигин жаап коюңуз.

4. Тамеки жыттанып калган кийимди ваннадагы суунун үстүнө илип коёсуз.

5. Бир нече сааттан соң кийимдеги тамекинин жытынан эч нерсе калбайт.

6. Ал эми ваннадагы уксус кошулган сууга шейшептериңизди чылап койсоңуз болот. Эртең менен турсаңыз - шейшептериңиз аппак!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!