Ашканадагы ар кандай учурлар үчүн

Ашканадагы ар кандай учурлар үчүн
19-Сен. 2017, Шейшемби, 10:40

Эгер мискейдеги тамак күйүп кетсе, мискейге көп туз кошулган суу коюп коюңуз. Бир нече сааттан кийин кайнатып, анан тазаласаңыз оңой болот.

Тамак күйүп кетсе, аны дароо эле башка идишке которгонго шашпаңыз. Мискейди тамагы менен кошо муздак сууга сала турсаңыз, күйгөн тамак мискейдин түбүнө чөгүп кетет. Ошондо тамактын күйбөгөн бөлүгүн башка идишке которуп аласыз.

Лимондун кабыгын ыргытпаңыз - идиш жууган сууга салып койсоңуз, өзгөчө айнек идиштериңиз жалтырап калат.

Кол пияз, сарымсак же балык жыттанып калса, аны азыраак уксус кошулган суу менен жуу керек.

Бычак, вилка, кашыктагы датты кетирүү үчүн чийки пиязды колдонууга болот.

Мискейдин, чайнектин ичи карарып калса, ага алма менен алмуруттун кабыгын кайнатсаңыз, идиштериңиз жаңы калыбына келет.

Мокок бычакты курчутуунун алдында аны бир аз туз кошулган сууга жарым сааттай салып койсоңуз, бычак жакшы курчуйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!