Чач катырууга арналган лактын пайдалуу жактары

Чач катырууга арналган лактын пайдалуу жактары
11-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 09:35

Эгер косметика салган капчыгыңызда чач катырууга арналган лак болсо, ал бекер тура бербесин десеңиз төмөнкү нерселерге жардамы тийет.

1. Капрон колготкиге лак сээп койсо, анын сөгүлүп кетүүсүн алдын аласыз.

2. Тырмагыңызга сүйкөгөн лактын үстүнөн чач катыргыч лакты сепсеңиз, боёк тез кургайт.

3. Лакты пардага чачсаңыз, аны чаңдан коргойт.

4. Юбканын ичине лак чачып койсоңуз, ал электирленип, бутуңузга жабышпайт.

5. Чачка таккан кыпчыткычтар жакшы кармабай чыгып кетип жатса ал учурда да лак сепсеңиз, ал ордунан жылбайт.

6. Белек орогон кагазга лак сээп койсоңуз ал жылтырап калат.

7. Түрлүү-түстүү карандаш менен боёлгон сүрөттүн бетине лак чачып, анын “өмүрүн” узартууга болот. Ушундайча анын боёгу өчпөй, узакка сакталат.

8. Ийнени жип менен саптаарда, жиптин учун лак сээп койсоңуз, ийненин көзүнө оңой кирет.

9. Гүлдөрдү катыргыңыз келсе, ага алгач лак чачып коюңуз. Ошондо ал табигый өңүн жоготпойт.

10. Кездемедеги сыяны, калемдин изин чачка арналган лак менен тазалоого болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!