Үйүңүздүн жыйнактуу болгонун каалайсызбы?

Үйүңүздүн жыйнактуу болгонун каалайсызбы?
13-Дек. 2017, Шаршемби, 11:47

Үйүңүздүн жыйнактуу жана таза болгонун каалайсызбы? Анда биз сунуштаган 5 кеңешке кулак салыңыз.

1. Чарчап турганда үй жыйноого киришпеңиз

Дем алып, маанай жакшы кезде үй жыйнасаңыз, орто жолдон чарчап таштап салбай бат жана таза жыйнайсыз. Эң башкысы полдогу чаңдарды, төгүлбөгөн таштандыга кайра-кайра ачууңузду келтирип, нервиңизди жукартпайсыз.

2. Тартип орнотуңуз

Эгер үйүңүздө ар бир заттын өз орду болбосо, бөлмө жыйнаксыз, чачык көрүнөт жана издеген нерсеңизди оңой табасыз. Ал үчүн майда заттарды текчелерге тизип койбой, кутуга салып коюңуз, ашыкча заттарды адам көзү көрбөгөн жерлерге жыйнаңыз. Көзгө урунуп турган майда-чүйдө нерселер аз болгон сайын үйүңүз ошончолук жыйнактуу көрүнөт.

3. Артыңызды жыйнап жүрүңүз

Бул эрежени үйдөгү баардык адамдарга эскертип коюңуз. Эгер үйдө бирөө кандайдыр бир затты колдондубу, кайрадан ордуна коюш керек. 2-эрежени сактоого жардам берет жана үй жыйнаганда да пайдасы тийет.

4. Көп чачылган жерлер

Үй жыйнап бүткөндөн кийин биринчи чачылган, заттардын иретсиз абалга алып келген жерлер – пол менен килемчелер (өзгөчө кире бериште), жуунучу бөлмөдөгү күзгү менен ваннанын ичи, сыналгы экраны менен анын тегереги. Ар дайым ушул жерлердин чаңын сүртүп, тазалап, иреттеп турууга тырышыңыз.

5. Унутпаңыз

Чаң сүртүүгө арналган чүпүрөк тандоодо курамында микрофибра болгонун алыңыз. Ал батташкан кирлерди эзгенде да, чаңдарды сүрткөндө да, жакшы жардам берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!