Уйкусуздуктан кутулуунун жолдору

Уйкусуздуктан кутулуунун жолдору
14-Дек. 2017, Бейшемби, 15:45

Австралиялык диетолог Рик Хэй уйкусуздуктан куткаруучу азыктарды атады.

Диетолог биринчи орунга көк чай менен ак чайды койгон. Алардын курамындагы “L-теа” нерв системасын тынчтандырат экен. Экинчи орунда ромашка чайы. Уйкуга жатар алдында үзбөй ромашка чайын ичсе ал стресстен кутулууга жардам берет экен.

Үчүнчү орунда корица турат. Адамдар уктаар алдында бир нече саат сайын ойгонушат. Анын себеби кандагы канттын көп болуусунда экен. Корица бул көрсөткүчтү турукташтырууга жардам берет. Ал диабет менен ооругандардын кантын өлчөмүн азайтат.

Диетолог ошондой эле имбирь, лимон, лайм, лакрица өсүмдүгү, баобаб жемиштерин ар дайым колдонууга кеңеш берет. Бул азыктар нерв системасын тынчтандырып, уйкуга жакшы таасир берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!