Кышкы жер-жемиштерди кантип тандоо керек?

Кышкы жер-жемиштерди кантип тандоо керек?
16-Дек. 2017, Ишемби, 13:58

Кыштын суук күндөрүндө дүкөндөрдүн текчелеринде коюлган жер-жемиштер күздөгүдөн да жайнап кетет эмеспи. Себеби бул маалда чет өлкөлөрдөн экзотикалык жер-жемиштер алынып келинет

Мандариндер – жаңы-жыл майрамынын символу. Эң даамдуусу Испаниянын мандариндери. Алар башкалардан айырмаланып ачык кызгылт болушат. Түрктөрдүн мандарини жашыл-саргыч келет. Алар кычкылыраак жана данеги көп болот. Ал эми Абхазиянын мандариндери майдараак жана кабыгы да жукараак.

Ананастын сапаты анын кандай ташылып келингендигине байланыштуу. Негизинен ананас учак менен жеткизилет. Анын сапатын ошондой эле жашыл жана каттуу жалбырактарынын билүүгө болот.

Анарды кабыгына карап тандаңыз. Анын түсү каныккан кызыл, кээде кызгылттары да кездешет.

Курманын бышканы жумшак болот. Катуусун муздаткычка салып, кийин жибитүү керек.

Ал эми кивини тандоого келсек көптөгөн экзотикалык жемиштер сыяктуу, анын жумшактыгына көңүл бөлүү керек. Жемиш орточо жумшак болушу кажет. Өтө катуу жана өтө жумшак жемиш быша элек же болбосо өтө эзилип кеткендигинен кабар берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!