Пайдалуу жөнөкөй кеңештер

Пайдалуу жөнөкөй кеңештер
8-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 18:13

Күнүмдүк турмушта арналган жөнөкөй кеңештер...

Жашоону жеңилдетүү үчүн канчалаган жөнөкөй жана кызыктуу ыкмалар бар. Алардын кээ бирөөлөрү тууралуу биз таптакыр ойлонбойбуз. Ал эми ойлоп тапкыч адамдар баарын изилдеп, биз үчүн ойлоп коюшкан.

Спорт кийимдери салынган сумкага же болбосо бут кийимиңизге бир эки чай пакетин салып койсоңуз, баардык жытты сиңирип алат.

Катуу кычышып турган жерди катуурак басып коюңуз. Кан тарап, кычышуусу бир азга басылат.

Эмеректин чийилип калган жерин кетирүү үчүн грек жаңгагынын даны менен сүртүп жиберсеңиз болот.

Ооздон жагымсыз жыт чыгып же чыкпаганын текшерүү үчүн билегиңизди жалап бир нече секунд күтө туруңуз.

Дүкөндү кулакка таккан наушник менен угуп кыдыра турган болсоңуз, сатуучулар тынчыңызды албайт.

Балка менен жумуш кылган убакта, кармагычын башына жакын кармаңыз – манжаларыңыз аман калат.

Пияз турардын алдында, мурундарыңызга кебез салып коюңуз. Ошондо көзүңүздөн жаш акпайт.

Сууну батыраак муздатуу керек болуп жатса, аны нымдуу кагазга ороп, музаткычка салып коюңуз.

Тиш пастасы унаанын фарасын жакшы тазалайт.

Крандын алдына батпай жаткан чоң идишке суу толтуруу үчүн таза калакты пайдаланыңыз.

Көп баса турган болсоңуз же болбосо чуркардын алдында таманыңызга антиперспирант сүйкөп алыңыз. Бул пайдалуу кеңештин артынан буттарыңыз кышында жылуу болуп жана сөөлдүн пайда болуусун алдын алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!