Булар кожойке үчүн өтө маанилүү

Булар кожойке үчүн өтө маанилүү
23-Янв. 2018, Шейшемби, 11:06

Плита - ийгиликтин символу, От стихиясынын элементи, үй-бүлөнүн очогу. Аны дайыма таза кармоо сизге тынч, бактылуу жашоо алып келет. Андыктан, плитанын кирдеп, булганып калышына жол бербеңиз. Ошондой эле жанына туруп ыйлаганга, урушканга, ырдаганга, өбүшкөнгө, пияз туураганга болбойт.

Плитаны ашкананын ортосуна каратып жайгаштырса, бул үйгө оң энергияны жана байлыкты, акчаны алып келет. Сырткы эшик, даараткана, ванна, тепкич жана керебет жакты карап, же терезеге жакын турбашы зарыл. Ага тамак жасап жатканда далыңыз ашкананын эшигин карап калса туура эмес. Эч болбосо бөлмөгө кирип келаткан адамды кароо үчүн башыңыз 45 градуска чейин гана бурулушу кажет. Эгерде плитаны ушундай абалда жайгаштырууга мүмкүн болбосо, анда жанына каалга көрүнүп тургудай кылып күзгү илип коюңуз.

Бул ашкана буюму От стихиясынын элементи болгондуктан, Суу стихиясынын элементтерине (раковина, муздаткыч) карама-каршы. Буларды катар коюу үйдөгү ынтымакты кетирет. Ошол себептүү, плита менен муздаткычтын же раковинанын ортосун Дарак стихиясынын элементтери менен бөлүп коюшуңуз абзел. Мисалы, жыгач табуретка, өсүмдүк тартылган картина, идишке өстүрүлгөн гүл, жашыл сүлгү, ашкананын дубалын же кафелин жашыл түстө кылуу. Эскерте кетүүчү нерсе, духовка дагы От стихиясынын элементине кирет.

Раковина- Суу стихиясынын элементи. Аны таза жана жакшы абалда күтүү капчыгыңыздын дайыма толуп турушуна таасир берет. Демек, раковинаны кирдетпеңиз, түтүктөрүнө идиш жуугандан кийинки тамак-аштын калдыктары тыгылып калып, анын натыйжасында суу акпай калбасын. Буларга көңүл буруңуз. Раковинага түнкүсүн кир идиштерди калтырып койсоңуз, терс энергияларды чогултат. Андыктан, аларды жууп-тазалап жаткан туура.

Жакшысы, раковинаңыз металлдан жасалган болсун. Анткени, металлдан жасалган раковина үйгө сырттан кирген терс энергияларды жок кылат. Ал эми таштан, айнектен жана башка нерселерден жасалса, мындай касиетке ээ болбойт.

Муздаткыч сиздин финансылык ал-абалыңызды оң жолго салат. Ал үчүн анын ичин кирдетпей дайыма таза кармоо керек экендигин унутпаңыз. Эгерде "муздаткычымдын ичинде азык-түлүк толуп турсун, эч качан түгөнбөсүн" десеңиз, ичине күзгү орнотуп коюңуз.

Колдонулбаган идиштер ашканада турбаш керек, же алардын баарын колдонууга аракеттениңиз. Болбосо башка бөлмөгө жайгаштырыңыз. Мунун себеби, узак убакытка колдонулбай калган идиштер өздөрүнө бардык терс энергияларды жыйнап алышат да, үй-бүлөдө чыр-чатактын чыгышын алып келет.

Кызыл, пушту, ток сары түстөр - От стихиясынын түстөрү. Бул түстөр үйгө конфликтти чакырат. Андыктан, ашканаңызды ак, көгүлтүр жана ачык жашыл түстө жасалгалаңыз.

Ашканадагы терезенин айнеги ар качан таза болсо, үйгө ийгилик келип турат.

Шкафтын, буфеттин эшиги ачык калса, үйдөгү оң энергиянын баарын өзүнө тартып алат. Аны дайыма бекем жаап коюп туруңуз.

Ашкананын ачык турган бурчтары терс энергия берип турат. Андан сактануу үчүн бурчтарга гүл коюп койсоңуз жетиштүү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!