Кийим үтүктөөнүн эрежелери

Кийим үтүктөөнүн эрежелери
24-Янв. 2018, Шаршемби, 15:56

Кийимди үтүктөө алдында үтүктүн таманынын тазалыгын текшерип, өтө ысып кетпешине көз салып туруу керек. Ал үчүн үтүк менен кургак пахта кездемесин басып көрүңүз. Эгер үтүктүн таманы кир болуп кетсе нашатырь спиртине чыланган кебез менен сүртүп, андан кийин үтүктү ысытып алып, нымдуу пахта чүпүрөгүн басып текшерүү керек. Ошондой эле үтүктүн бетине майда туз себилген кагазды басса дагы жакшы тазаланат.

Эгер шымды уксустуу сууга нымдалган чүпүрөк менен үтүктөсө изи оңой менен тарабайт. Шымдын ичине кургак самын сүртүп, ал эми сыртынан ным чүпүрөк менен үтүктөсө дагы изи бир топко чейин сакталат. Пахта кездемесинен тигилген кийимдер оңой үтүктөлүшү үчүн, аларды алдын ала ысык сууга нымдалган түктүү сүлгүгө ороп коюу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!