Хоббиден киреше табуу жолу

Хоббиден киреше табуу жолу
17-Фев. 2018, Ишемби, 12:52

Азыркы заманда ар бир эле адам негизги жумушунан сырткары, кошумча жумуш менен да алектенип келишет. Сүйүктүү ишиңизден киреше табуу үчүн керектүү кеңештер.

1. Өз хоббиңиз тууралуу блог ачыңыз

Өзүңүздүн хоббиңизден киреше табуунун бир жолу ал тууралуу башкаларга айтуу, жеткизе билүү. Ал үчүн блог, сайт же болбосо дүйнөлүк желелерден баракча ачсаңыз болот. Ачкандан кийин ишиңиз менен күндө бөлүшүп туруңуз.

2. Китеп жазыңыз

Эгер адамдарга тиешелүү жана жараган билимиңиз болсо, аны менен бөлүшүңүз. Ал үчүн чакан китеп жазсаңыз болот. Азыр аны чыгаруу да өтө кымбат эмес. Керек болсо кагаз китеп эмес, электрондук китеп жасап чыгарсаңыз да болот.

3. “Instagram”да белигүү болуңуз

“Instagram”да жумуш иштөө өтө жеңил. Кызыктуу контент жасай алсаңыз, көптөгөн адамдар жазыла башташат. Атактуулугуңуз да артат. Андан кийин жарнама менен табыш таба баштайсыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!