Тиш пастасынын пайдалуу жагы

Тиш пастасынын пайдалуу жагы
26-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 10:06

Тиш пастасын үй шартында башка дагы максаттарга пайдалануунун бир нече ыкмасы бар. Ошого байланыштуу тиш пастасынын күнүмдүк жашоого пайдалуулугуна катыштуу 6 лайфхакты сунуштайбыз.

Шишип кеткен жерге сүйкөсө
Тиш пастасы көгөргөн жерлер менен теринин шишип кетүүсүнө каршы күрөшөт. Бул үчүн зыян чеккен жерге тиш пастасын сүйкөп, үстүнөн марля менен ороп таштаңыз. Таң атканча көгөргөн жердин изи да калбайт.

Килемди тазалоо
Тиш пастасы килемдеги тактарды кетирүүгө колдонулат. Килемди тиш пастасы менен жакшылап сүртүңүз, андан кийин аны суу менен чайкап таштаңыз.

Чачка арналган боёкторду териден оңой чыгарат
Тиш пастасынын жардамы менен теридеги чачка боёлгон боёктун калдыктарын оңой кетирүүгө болот.

Тез сынган тырмактарды бекемдейт
Тырмактарыңызга тиш пастасын сүйкөсөңүз, убакыт өткөн сайын алардын катуу болуп, жылтырай баштаганын байкайсыз.

Сызыктарды кетирүү
Тиш пастасынын жардамы менен техника куралдарындын бетиндеги сызыктарды кетирүүгө жардам берет. Эгер сиздин сыналгыңыздын же болбосо компьютериңиздин бетинде сызылган жерлер болса, аны тиш пастасы менен сүртүп чыксаңыз болду. Алар жап-жаңы абалындагыдай боло түшөт.

Балдардын дубалга тарткан сүрөттлөрдү кетирет

Эгер сиздин балдарыңыз дубалга сүрөт тартканды жакшы көрсө, аны кетирүүнүн эң жакшы чечими: бул тиш пастасы менен сүртүп чыгыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!