Тиш пастасын кантип тандоо керек?

Тиш пастасын кантип тандоо керек?
3-Март 2018, Ишемби, 12:22

Тиш пастасынын баасы кымбат болсо, сапаты да жакшысы болобу? Же болбосо тура тандоо ага байланыштуу эмеспи? Зыяндуу жана пайдалуусун кантип ажыратууга болот?

Ушундан бир нче жыл мурун коомчулукта тиш пастасын штрих-коддун түсүнө карап таңдаган туура деген маалымат пайда болгон эле. Кийин аны башка бирөөлөр жокко чыгарып, каттуу сынга алган. Албетте, эч ким кардардан айрылгысы келбейт. Бирок кардардын да чындыкты билүүгө укугу бар экендигин унутпаган абзел. Дүкөнгө барганда пастанын каробкасын ачып, пастаны чыгарыңыз. Андан соң анын штрих-кодунун түсүнө маани бериңиз.


Эгер ал кара болсо, 100 пайыз химия

Эгер ал көк болсо, 80 пайыз химия, 20 пайыз табигый

Эгер ал кызыл болсо, 50 пайыз химия, 50 пайызы табигый

Эгер ал жашыл болсо, 100 пайыз табигый дегенди билдирет.

Жогоруда айтылгандай, тиш пастасын мындай ыкма менен тандоо ката экендиги көп жерде айтылат. Бирок бул чындыкка жакын дегендер да жок эмес. Бизден кеңеш: бул маалыматты да текшерип көрүңүз. Жыйынтыгында тиш пастасын бат-баттан өзгөртүп туруңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!