​ЖК: көпчүлүк коалицияга жаңы фракция кошулду

​ЖК: көпчүлүк коалицияга жаңы фракция кошулду
20-Апр. 2018, Жума, 10:49

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясына жаңы фракция кошулуп курамы кыйла кеӊейди. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин өтүп жаткан кезексиз жыйынынын жүрүшүндө КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди.

Азыркы учурда Жогорку Кенештин көпчүлүк коалициясын төмөнкү фракциялар түзүп калды:

- “КСДП” фракциясы (38 депутат - 32 пайыз);

- “Республика – Ата-Журт” фракциясы (28 депутаттык мандат - 23 пайыз);

- “Кыргызстан” фракциясы (18 депутаттык мандат - 15 пайыз);

- “Бир Бол” фракциясы (12 депутаттык мандат - 10 пайыз).

Ал эми парламенттик азчылык тарапта“Өнүгүү – Прогресс” (13 депутаттык мандат – 11 пайыз) жана “Ата Мекен” (11 депутаттык мандат – 9 пайыз) фракциялары калды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!