Молдовага байкоочу макамы ыйгарылды

Молдовага байкоочу макамы ыйгарылды
14-Апр. 2017, Жума

Евразия экономикалык бирлигинин жогорку евразиялык кеңешинин азыркы сааттарда өтүп жаткан жыйынында Молдава мамлекетине байкоочу макамы берилди.

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев билдирип, жабык форматта
өткөн жыйында ушундай чечим кабыл алынганын кошумчалады.

Молдава мамлекетинин президенти Игорь Додон өткөн жылдагы президенттик
шайлоодо элдин көпчулүгү ага ишеним көрсөткөнүн белгилеп, "алгачкы
кадам ташталды",- деди. Буга чейин ЕАЭБ де байкоочу боюнча тажрыйба жок экенин белгилеп, эки тарап үчүн тең жаңылык катары баалады.

“Бул биринчи кадам уюмга интеграцияга болуу болду. Биринчи кезекте
ушул жыйынга чакырган Кыргызстандын президентине ыраазычылык билдирем.
Эң башкысы биз принципалдуу чечим кабыл алдык”,-деди Молдаванын
президенти Додон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!