Назарбаев: уюмдагы өсүштү сактоо керек

Назарбаев: уюмдагы өсүштү сактоо керек
14-Апр. 2017, Жума

Кыргызстандын ЕАЭБдеги сырткы товар алмашуусу өткөн жылы 41 пайызды, Казакстандын тышкы товар алмашуусу 37 пайыз болгонун салыштырган Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бул өсүштү сактап, андан ары өнүктүрүү керек экенин белгиледи.

Ал Кыргызстанга мындан ары да жардам берүү улантыларын айтып, ортодогутоскоолдуктарды жоюу зарылдыгын белгиледи.

“Уюмдун “жол картасын” иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыгууда. Башка
өлкөлөр менен жаңы келишимдерди түзүүгө Сербия, Иран өлкөлөрү
кызыкдар”,-деди Назарбаев.

Ошондой эле ал кесиптештерин быйыл Казакстанда өтө турган мамлекеттик
деңгээлдеги "EXPO 2017" көргөзмөсүнө катышууга чакырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!