Жапаров талапкер болуп катталган жок

Жапаров талапкер болуп катталган жок
10-Авг. 2017, Бейшемби

Борбордук шайлоо комиссиясы камактагы саясатчы Садыр Жапаровду президенттикке талапкер кылып каттоодон баш тартты.

Бул тууралуу чечим, бүгүн, 10-августта БШКнын жумушчу тобу кабыл алганын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

БШК мүчөлөрү мындай кадамга барууга Жогорку Сот Жапаровду күнөөлүү деп табылганын жүйө келтирди. БШКнын жумушчу тобунун 9 мүчөсү колдосо, үчөөсү каршы чыккан.

Аталган жумушчу топтун жетекчиси Елена Джилкичиева Садыр Жапаровдун соттуулугу жоюла электигин эске салып, мыйзам Жапаровдун шайлоого катышуусуна жол бербесин билдирди.

Ошол эле учурда бул чечимге каршы пикирин билдирген БШКнын мүчөсү Назарали Арипов жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынан аша чаап укук коргоо органдарыны карай турган ишке кийлигишип жатканын сынга алды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту экс-депутатты 11 жыл алты айга эркинен ажыратуу тууралуу чечим кабыл алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!