Президент өзбек өкмөт башчысы менен жолукту

Президент өзбек өкмөт башчысы менен жолукту
16-Авг. 2017, Шаршемби

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга жумушчу сапары менен келген Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, президент Атамбаев кошуна өлкөнүн өкмөт башчысынын Кыргызстанга сапары достук жана жакшы коңшулаштык салттарынын, өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн принциптерине негизделген эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жаңы дем берээрине ишенерин билдирди.

Премьер-министр Абдулла Арипов Атамбаевге Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёвден салам айтып, өлкө жетекчилиги Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда достук жана жакшы коңшулаштык мамилелерин чыңдоого багытталган ишти мындан ары дагы улантууга даяр экендигин маалымдады.

Мамлекет башчысы эки өлкөнүн өкмөт башчыларына маселелерди конструктивдүү диалогдун жолу менен чечүүгө саясий эрк бар экендигин эске алуу менен, эки тараптуу кызматташуу жана мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунун алкагындагы сүйлөшүүлөр ийгиликтүү жана жыйынтыктуу болушун каалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!