Президент болчулардын катары тогузга кыскарды

Президент болчулардын катары тогузга кыскарды
17-Авг. 2017, Бейшемби

Президенттик такты үчүн ат салышууга камынган 59 талапкердин ичинен 50 талапкер калды.

Шайлоого катышуудан баш тарткан тогуз талапкердин айрымдары тил сынагынан өтпөй калса, кээ бирөөлөрү шайлоо күрөөсүн төлөгөн эмес.

Учурда президенттике расмий талапкер болуп “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев жана “Республика” партиясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов катталды. БШК талапкерлерди 10-сентябрга чейин каттайт. Шайлоо мыйзамына ылайык, арыз жолдогон талапкерлер мамлекеттик тил сынагынан өтүп, 1 миллион сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төлөп, 30 миңден кем эмес шайлоочунун колун тапшырышы керек.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!