Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого карата талапкерлердин мыйзам бузуу фактысы болгон убакта БШКга кайрылуу үчүн Whatsapp-номерин жарыялады.
БШКнын маалымат кызматы билдиргендей, жарандар (0770) 66 02 40 номери боюнча даттанууларын билдире алышат. БШК бардык арыз-даттанууларга ыкчам жооп берерин убадалоодо.