Новиковдун келишине сын-пикир билдиришти

 Новиковдун келишине сын-пикир билдиришти
25-Авг. 2017, Жума

Сапар Исаков жетектей турган өкмөттүн жаңы курамын толуктап, экономика министрлигин жетектей турган 30 жаштагы Артем Новиковдун келишине бир топ депутаттар кайчы пикирин билдирүүдө.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында депутат Исхак Масалиев аталган министрликке эмне себептен Новиковду сунуштап жатканын Исаковдон сурады

Өз кезегинде Сапар Исаков болочоктогу экономика министри жаш болгонуна карабай тажрыйбалуу адис экенин, илимдин кандидаттыгын жактагандыгын жүйө келтирди.

Депутаттардын Артем Новиков мамлекеттик тилди билбейт экен деген суроосуна бара-бара үйрөнөт деген таризде жооп берди.

Новиков буга чейин мурдагы өкмөт башчылар Өмүрбек Бабанов, Жоомарт Оторбаев жана мурдагы биринчи вице премьер-министр Аалы Карашевдин кеңешчиси болуп иштеген. Учурда президенттик аппараттын каржы-экономикалык анализ жана мониторингди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!