Өзбекстандын президенти качан келери белгилүү болду

Өзбекстандын президенти качан келери белгилүү болду
30-Авг. 2017, Шаршемби

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёвдин Кыргызстанга жасай турган иш сапары 6-сентябрга пландалганы маалым болду.

Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков өзбек кесиптеши Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин белгилүү болгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Телефондук сүйлөшүүдө Арипов Сапар Исаковду премьер-министр болушу менен куттуктап, эки өлкө ортосундагы алака-катыштарды чыңдоо маселелерин талкуулашты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!