Шайлоо: төрт тилкедеги жыйынтык жокко чыгарылды

 Шайлоо: төрт тилкедеги жыйынтык жокко чыгарылды
20-Окт. 2017, Жума, 15:06

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 4 шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдиргендей, буга бюллетенге караганда идентификациялык чектин саны коп болгону себеп болгон.

Бирок бул шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир этпейт.

Мыйзамга ылайык аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо участкасында процедуралык бузуулар аныкталса, андагы добуш берүү жыйынтыктарын жокко чыгаруу укугуна ээ.

15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо алдын-ала жыйынтык боюнча шайлоочулардын 54,8 пайызынын добушун алган Сооронбай Жээнбеков жеңип чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!