Макрон Сооронбай Жээнбековду Францияга чакырды

Макрон Сооронбай Жээнбековду Францияга чакырды
27-Окт. 2017, Жума, 15:24

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Сооронбай Жээнбековду Кыргызстандын президенти болуп шайланышы менен куттуктады.

Сооронбай Жээнбековдун штабынан билдиргендей, Макрон болочоктогу кесиптеши Жээнбековду президенттик шайлоодо жеңишке жеткени менен куттуктады.

«Өзүмдүн жана француз элинин атынан жылуу куттуктоону кабыл алыңыз. Сиздин демократиялуу добуш берүү менен президент болуп шайланышыңыз Кыргызстанга жаңы өнүгүү жана бакубатчылык мезгилин ачаарына ишенем», деп айтылат Франция президенти жолдогон куттуктоодо.

Ошондой эле Эммануэль Макрон эки өлкөнүн ортосундагы мамилени бекемдөө жана тынчтык, коопсуздукка байланышкан маселелерди бирге талкуулоого даяр экендигин айтып, Сооронбай Жээнбековду Францияга келип кетүүгө чакырган.

Белгилей кетсек, 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков жеңишке жетишкен. Ага бир миллиондон ашуун шайлоочу добуш берген. 25-ноябрда Жээнбековдун инаугурациясы болору айтылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!