Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-октябрдан тартып кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты.
Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эмгек өргүүсү учурунда өлкө жетекчиси Кыргызстанды 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоорунун акыркы вариантынын үстүндө иштейт.