БШК Текебаевдин депутаттык укуктарын токтотту

БШК Текебаевдин депутаттык укуктарын токтотту
1-Ноя. 2017, Шаршемби, 15:33

Жогорку Кеңештин камактагы депутаты Өмүрбек Текебаевдин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйынында кабыл алынганын БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 25-февралда Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен алынган материалдардын негизинде депутатка «коррупция» жана «алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

26-февралга караган түнү Текебаевди “Манас” аэропортунан күч кызматкерлери кармап кетишкен.

16-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаевди коррупция беренеси боюнча айыптуу деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Ушундай эле жаза мурдагы Өзгөчө кырдалдар мниистри Дүйшөнкул Чотоновго да берилген.

Ал эми октябрь айынын башында Текебаев №47 түзөтүү колониясына которулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!