​Президент бийлик буттактарынын жетекчилери менен жолукту

​Президент бийлик буттактарынын жетекчилери менен жолукту
30-Дек. 2017, Ишемби, 13:40

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-декабрда Өкмөт башчы Сапар Исаковду, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековду жана Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеваны кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчы аларды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап бийликтин баардык бутактарына мамлекетти өнүктүрүүгө жана кыргызстандыктардын жашоосун көтөрүүгө багытталган иштерине ийгилик каалады.

“Кетип бараткан жыл жеңил болбогону менен жакшы жыл болду. 2017-жыл өлкөнүн баардык тармактарында сезилерлик өсүү жана жакшы жетишкендиктер болду. 2018-жылы алдыда ири иштер турат бирдиктүү аракеттер менен өлкөнү өнүктүрүп, труктуулукту бекемдеп жана кыргызстандыктардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртабыз”,-дейт С.Жээнбеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!