Адамдарга бакыт үчүн канча акча керек?

Адамдарга бакыт үчүн канча акча керек?
4-Апр. 2018, Шаршемби, 15:11

“Gallup World Poll” жүргүзгөн сурамжылоонун натыйжасында адамга бактылуу болуш үчүн канчалык каражат керек экендигин аныкташты. Бирок, бир кызыгы бул алардын дүйнөлүк деңгээлине жана анын турган аймагына жараша кубулуп турат. Сурамжылоого дүйнөнүн 164 өлкөсүн мекендеген, жашы 15тен башталган 1,7 миллион адам катышкан. Окумуштуулар алардын тапкан жана каалаган айлык акысы менен эсептеген субъективдүү кирешесин өлчөө максатында (subjective well-being, SWB) маалыматтарды ар тараптан жыйнашкан.

Ошону менен бирге, адамдар аларды толук кирешесин жана өмүр сүрүү (life evaluation) деңгээлин изилдөөнү да сунушташкан. Ошондуктан, адамдарга башкы коюлган талап, алардын күнүмдүк жашоодо сезген эмоцияларын сыпаттоо керек эле.

Психологдор изилдөө учурунда бакыт үчүн керектүү каражаттын өлчөмүн белгилүү бир өлчөмгө келгенде токтоорун байкашкан. Орточо эсеп менен адамга бакытылуулукту тартуулаган каражаттын өсүшү жылына тапкан каражаты 60-70 миң долларга жеткенде токтойт.

Максималдуу түрдө – 95 миң долларга жетиш керек. Изилдөөчүлөр бул сурамжылоого жеке адамдарды алдыга тартса, үй-бүлө үчүн бул көрсөткүч аздык кылаарын айтышты.

Чыгым менен таза киреше өлчөмү дүйнөлүк жагдайга байланыштуу өзгөрүп турат. Ошону менен бирге, эркектерге керектүү каражат аялдарга караганда төмөн. Ал эми мектептен кийин билим албагандар үчүн орточо эсеп менен 70 миң доллар, ал эми орто билимдүү адамдарга – 85 миң жана жогорку билидүүлөргө 115 миң доллар керек экени аныкталды.

Ал эми кайсы өлкөдө эң жогорку каражатты талап кылышат десеңиздер Австралия тургундары 125 миң долларга көп сарпташат. Түштүк Америка үчүн 105 миң доллар жетиштүү болсо, Батыш Европа өлкөлөрү үчүн 100 миң доллар бакыт тартуулай алат. Чыгыш Европа үчүн орточо каражат өлчөмү болгону – 45 миң доллар. Эң аз каражатты 35 миң долларды керектеген эл Латын Америка тургундары экен.

Ал эми сизге бактылуу болуш үчүн канча акча керек?

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!